"Президент эмес, өзүң үчүн". Депутат ар бир жаранды үчтөн көчөт отургузууга чакырды
RU

"Президент эмес, өзүң үчүн". Депутат ар бир жаранды үчтөн көчөт отургузууга чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Нуржигит Кадырбеков быйыл ар бир жаранды үчтөн көчөт отургузууга чакырды. Бул тууралуу ал 22-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, былтыр президенттин жарлыгы менен республикада "Жашыл мурас" акциясы башталган. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жылына 6 миллион көчөт отургузуу боюнча маалымат берди.

"Аларды каякка отургузганын бир Кудай билет. Кандай ээн жерлер бар болсо, ошол бойдон калууда. Так аналитика жок, канча бак тамыр алды, канчасы куурап калды? Быйыл ар бир жаран үчтөн дарак отургузалы: алардын бирин ата-бабаларды эскерүү үчүн. Экинчисин келечек муундар үчүн, үчүнчүсүн – өзүбүз үчүн. Чоң атам каза болгондон кийин эстелик тургузбоону суранган, анткени ал жөн эле таш. Ал көмүлгөн жерге бак отургузууну суранган эле. Себеби, ал бакка конгон чымчыкка да пайда алып келет. Ошондуктан ар бирибиз дарак отургузалы", - деди ал.

Эл өкүлү бак-дарактардын бир гана пайдасы бар: мөңгүлөрдүн ээрибешине, жер кыртышынын эрозиясына жол бербей, нымдуулукту сактоого салым кошуп, абаны тазалап, отун жакканга, жыгачты курулушка колдонсо, кагаз жасаса болорун эске салды.

"Биз жерлерибизге көчөттөрдү отургузуу мезгилин өткөрүп жибердик. Өзбекстан менен Тажикстан бош турган жерлерин гүлдүү бакчага айландыра алышты. Бирок аларда суу маселеси бар. Бизди азыр суу болгон үчүн гана карап жатышат. Ал арада мөңгүлөр ээрип жатат. Кыргызстаныбызды жашыл өлкөгө айландыралы. Бир кездеги жашыл шаар статусун жоготкон Бишкекти кайтаралы. "Бул өлкө бизге керек. Президентке отчёт берүү үчүн эмес, өзүбүз үчүн жасайлы", - деди Кадырбеков.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10443