Ташиевдин атынан мектепке компьютерлер берилгенин четке каккан кызматкер жумуштан кетти
RU

Ташиевдин атынан мектепке компьютерлер берилгенин четке каккан кызматкер жумуштан кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынычбек Үсөнов Ынтымак мектебине Камчыбек Ташиев компьютер белекке берген деген маалыматты четке каккан. Ал бул билдирүүсүнөн бир нече күндөн кийин кызматтан кетип, райондук прокуратура Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн ишмердүүлүгүн текшере баштаган.

4-февралда УКМКнын жетекчисинин жакын адамы өзүнүн Facebook баракчасына Ташиевдин атынан Ынтымак мектебине 10 компьютер берилгени тууралуу билдирүү тараткан.

Аталган мектептин директору Т-Медиа телеканалынын журналисттерине Ташиевдин үй-бүлөлүк фондунан компьютерлер берилгенин тастыктаган.

Бирок Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынычбек Үсөнов Ташиевдин үй-бүлөсүнүн белеги тууралуу маалыматы жоктугун, Билим берүү жана илим министрлиги мектепке убактылуу пайдаланууга компьютер бөлүп бергенин журналисттерге айткан.

"Алар эч нерсени билбей эле ушинтип айтышты", - деп жооп берди Үсөнов.

Видеорепортаж жарыялангандан бир нече күн өткөндөн кийин Тынычбек Үсөнов өз каалоосу менен кызматтан кеткени белгилүү болду. Бул баары үчүн күтүүсуз болду.

Окуя боюнча Ынтымак мектебинин директору Тынычбек Үсөновдун өзү жана УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин жакын санаалаштары менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Алардын бири да кайра-кайра чалууларды жоопсуз калтырды. Бирок Kaktus.media редакциясы алардын пикирин угууга даяр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10455