Таластын Кара-Буура району Айтматов болуп өзгөрөт
RU

Таластын Кара-Буура району Айтматов болуп өзгөрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Айрым айыл-райондордун аталыштарын өзгөртүүгө багытталган мыйзам долбоору парламентте үч окуудан өттү.

Жогорку Кеңештин жыйынында Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагын, Ош жана Талас облустарынын айрым айылдарын жана Талас облусунун Кара-Буура районун кайра атоо жөнүндөгү мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды.

Аталган мыйзам долбооруна ылайык:

  • Нарын облусунун Кош-Дөбө айыл аймагын Ормон хан айыл аймагы;
  • Ош облусунун Борбаш айылын Кайрагач айылы;
  • Талас облусунун Чимгент айылын Чолпонбай айылы;
  • Талас облусунун Кара-Буура районун Айтматов району деп кайра атоо сунушталды.

Сунушталган долбоор "КР географиялык аталыштар жөнүндөгү", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү", "КР айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндөгү", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндөгү" мыйзамдарды КР конституциясына ылайык келтирүүгө багытталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10459