Камчыбек Ташиев "Альфа" кызматына барып, жаңы куралдар менен таанышты. Сүрөттөр
RU

Камчыбек Ташиев "Альфа" кызматына барып, жаңы куралдар менен таанышты. Сүрөттөр

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев УКМКнын "Альфа" атайын кызматына барды. Коопсуздук комитетинен билдиришкендей, ал жалпы өздүк курамды 23-февраль Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады.

Иш сапардын жүрүшүндө Камчыбек Ташиев "Альфа" атайын кызматына жаңыдан алынган куралдар менен да таанышып, жабдыктарды жана куралдардын даярдыгын текшерди.

УКМКнын төрагасы, өлкөнүн жана ведомстволордун жетекчилиги тарабынан, бөлүктүн алдында турган күжүрмөн тапшырмаларды ийгиликтүү аткаруу үчүн бардык зарыл болгон шарттар түзүлүп жаткандыгын баса белгиледи.

Иш-чаранын акырында Камчыбек Ташиев дагы бир жолу УКМКнын "Альфа" атайын кызматынын жалпы өздүк курамын куттуктап, чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана кызматында ийгиликтерди каалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10469