Айыл чарба министрлиги пиязды экспорттоого уруксат берүүнү сунуштады
RU

Айыл чарба министрлиги пиязды экспорттоого уруксат берүүнү сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги пиязды экспорттоого салынган тыюуну мөөнөтүнөн мурда алып салууну сунуштоодо. Мындай чектөө 1-февралдан тарта азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана пияздын баасын кармап туруу максатында киргизилген. Аталган сунуш бүгүн, 24-февралда коомдук талкууга коюлду.

Пиязды экспорттоого апрель айынын аягына чейин тыюу салынган болчу. Бирок Айыл чарба министрлиги резервдерди баалап, тыюуну азыр алып салууну сунуштап жатат.

Министрликтин маалыматына караганда, Кыргызстанда пиязга болгон бир айлык керектөө 6 миң тонна болсо, дыйкандардын запасы 50 миң тоннаны түзөт. Мыйзам боюнча, эгерде запастар үч айлык талапты жапса азык-түлүк коопсуздугу камсыз кылынат деп эсептелет.

"Ошондой эле апрель айынын башынан баштап жаңы түшүмдү жыйноо башталат жана бул пияздын коромжусуна алып келет. Мындан дыйкандар өздөрү жабыр тартышы мүмкүн.

Пияз тез бузулуучу продукт болуп саналат. Алар +10 градуска чейинки температурада сакталышы керек. Ал эми март айында абанын температурасы +20 градуска чыгышы күтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10484