Кыргызстанда беш облуста айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо өтөт. Алардын бири онлайн
RU

Кыргызстанда беш облуста айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо өтөт. Алардын бири онлайн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

9-апрелде Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарында айылдык кеңештердин депутаттары шайланат. БШКдан билдиришкендей, Самаркандек айылдык кеңеши пилоттук тест катары аныкталган. Анда биринчи жолу электрондук добуш берүү колдонулат.

Белгилүү болгондой, электрондук добуш берүү имараттан тышкары жерде электрондук бюллетенди колдонуу менен жана шайлоочунун добушун жашыруундуулугун камсыз кылуу менен өткөрүлөт.

"Электрондук добуш берүгө тизмеге кирген шайлоочулар катыша алат. Ага катышуу үчүн добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү шайлоо комиссиясына арыз же идентификациядан өткөн шайлоочулардын кеңсеси кызматы аркылуу электрондук арыз берилиши керек. Электрондук добуш берүүгө катышуу үчүн арыз берген шайлоочу тиешелүү тизмеге киргизилет",- деп айтылат маалыматта.

Электрондук добуш берүүгө катышуу үчүн сизде төмөнкүлөр болушу керек:

  • "Түндүк" электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталында жарактуу эсеп;

  • электрондук кол;

  • мобилдик телефон же интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү бар жеке компьютер;

  • атайын колдонмо.

Самаркандек айылдык кеңешинин шайлоочулардын алдын ала тизмесине 7524 адам кирсе, анын ичинен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматы боюнча 1568 шайлоочу Самаркандек шаарынан тышкары жашоого аргасыз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10526