Президент үч жылда күч түзүмүндөгү кызматкерлердин баары үй менен камсыздаларын айтты
RU

Президент үч жылда күч түзүмүндөгү кызматкерлердин баары үй менен камсыздаларын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын аягына чейин 15 миңдей батир курулуп бүтөрүн айтты. Бул тууралуу өлкө башчы укук коргоо, бажы жана көзөмөлдөө органдарынын жетекчилерине генералдык наамдарды тапшырып жатып билдирди.

"Эмгек акыңарды көтөрүп бердик, турак жай маселесин чечип жатабыз. Алдыдагы үч жылдын ичинде ИИМ, УКМК, прокуратуранын кызматкерлеринин, чек арачылардын арасында бир дагы үйү жок адам болбойт.

Мамлекеттик ипотека аркылуу биз 20-25 жылдык мөөнөткө батирлерди беребиз. Жөнөкөй кызматкерлердин да маянасы аны алганга жетет.

Быйыл жылдын аягына чейин 15 миңдей батир курулуп бүтөт. Андан кийин эки жылда дагы 50-60 миң адамга, анын ичинде мамлекеттик кызматкерлерге да беребиз. Мындан ары дагы жакшы шарттарды түзүп беребиз. Калганы - жакшы иштөө, мамлекеттин коопсуздугун кароо, коррупцияны жоюу силерден көз каранды. Таза иштеп бериңиздер. Өзүңөр коррупцияга аралашып кетпегиле. Тилекке каршы, араңардан чыгып калууда, алар тиешелүү жазасын алып жатышат", - деди Жапаров.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров 25-февралда, укук коргоо, бажы жана көзөмөлдөө органдарынын жетекчилерине жогорку наамдарды тапшырган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10528