АКШдан келген баңгизатты интернет аркылуу сатып жүргөнгө шектүүлөр кармалды
RU

АКШдан келген баңгизатты интернет аркылуу сатып жүргөнгө шектүүлөр кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

АКШдан Кыргызстанга марихуананын ири партиясын эл аралык почта компаниясы аркылуу жөнөтүлгөнүн Бажы кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, баңгизатын алып кетүүгө келгендер жеринен колго түшүрүлгөн.

"Атайын операция ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жана УКМКнын ыкчам кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн. Марихуананын жалпы салмагы 2 килограмм 99 граммды түзгөн. Кармалгандардын батирин тинтүү маалында баңгизат жана аны жашыруу үчүн шаймандар табылган. Шектүүлөр И.А. жана А.А. марихуананы Telegram мессенджери аркылуу сатышкан", - деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча топтолгон бардык материалдар Ички иштер министрлигине өткөрүлүп , тергөө амалдары улантылып жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10530