Кыргызстандык теннисчи Эфиопияда өткөн турнирде ийгилик жаратты
RU

Кыргызстандык теннисчи Эфиопияда өткөн турнирде ийгилик жаратты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандык теннисчи Сезим Сагынбаева Эфиопияда өткөн эл аралык турнирде жеңишке жетти. Бул тууралуу Кыргызстандын Теннис федерациясы Instagram баракчасы аркылуу билдирди.

Мелдештер ITFтин колдоосу астында J30 категориясы боюнча өттү.

Сезим Сагынбаева Орусиядан келген спортчу менен бир жупта ойноп, 1-орунду алды.

Ал эми жеке беттеште кыргызстандык теннисчи жарым финалга чыгып, Испаниянын өкүлүнө утулуп калды.

ITF - 18 жашка чейинки оюнчулар үчүн теннис мелдешинин жогорку бөлүмү болуп саналат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10540