"Атаңозурайын". Ветинспекциянын жетекчиси парламенттин жыйынында сөгүндү
RU

"Атаңозурайын". Ветинспекциянын жетекчиси парламенттин жыйынында сөгүндү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспкциянын директору Самир Осмоналиев Жогорку Кеңеште өтүп жаткан жыйын учурунда сөгүндү. Ал жерде жаныбарлардын жана алардын өндүрүлгөн продуктулардын идентификациясы боюнча сөз болуп жаткан.

Депутат Сайдулла Нышанов ведомствонун жетекчисине кайрылып, Кыргызстандагы үй жаныбарлары кайсы ооруларга каршы эмдөөдөн өтушөт, деп сурады.

Осмоналиев вакцинация жети ооруга, анын ичинде: шарп, бруцелез, кутурма, сибир оорусуна каршы жүргүзүлө турганын билдирди.

"Каражат бюджеттен бөлүнөт. Мисалы шарпка каршы вакцина болжол менен 20 сом турат. Жарандар ветдарыгерлердин кызматына гана акы төлөшөт. Ведомствонун бюджети 506 млн 607 миң сомду түзсө, анын 96 млну медикаменттерди сатып алууга жумшалат. Бул сумма керектөөнү толугу менен жабат", - деп Самир Осмоналиев билдирди.

Директор кагаздарынын арасынан керектүүсүн издеп, таппай калган учурда микрофондун күйүп турганын этибар албай: "Атаңдын оозун урайын", - деп сөгүндү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1054