Кыргызстандык бийчилер дагы бир эл аралык турнирдин алтын байгесине ээ болушту
RU

Кыргызстандык бийчилер дагы бир эл аралык турнирдин алтын байгесине ээ болушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзбекстанда өткөн Tashkent Open 2023 эл аралык бал бийи турниринде кыргызстандык спортчулар жеңүүчү аталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Бий спорту федерациясынан билдиришти.

Маалым болгондой, 25-26-февраль күндөрү Ташкентте өткөн турнирге Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын спортчулары катышты.

"Жаштар – Латын Америка программасы" категориясында кыргызстандык Дмитрий Блинков менен Асал Мамбетова мыкты бий тартуулашып, алтын медалга ээ болушту.

Блинков менен Мамбетова Бишкектеги "Алексис" бий мектебинин тарбиялануучулары, машыктыруучулары Алексей Кибкало жана Татьяна Когадей.

Эске салсак, буга чейин 18-февралда Кыргызстандын спортчулары Италияда өткөн бий боюнча эл аралык турнирде алтын байгеге ээ болушкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10574