Абакта төрөгөн келиндин маселеси парламентте көтөрүлдү
RU

Абакта төрөгөн келиндин маселеси парламентте көтөрүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн,1-мартта Жогорку Кенештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов абакта төрөп, сот залында наристеси менен отурган келин тууралуу маселени көтөрдү.

Депутат айыпталуучу келин карызын төлөй албаганы үчүн камакта отурганын айтып, мамлекетти каржы жагынан жардам берүүгө чакырды.

Карызын төлөй албай калганы үчүн 6 жылга соттолгон келин абактан көз жарганын 28-февралда жактоочу Замир Жоошев Facebook баракчасы аркылуу cүрөтү менен жарялаган.

Маалыматка ылайык, келин эки жума мурун абакта көз жарган. Ал ымыркайы менен азыр дагы камакта.

28-февралда шаардык сотто анын иши каралды.

"Келин 15-февралда СИЗОдо көз жарган. Үйүндө 6 жашар баласы күтүп жатат. 2022-жылдын декабрь айында Свердлов райондук соту тарабынан 6 жылга эркинен ажыратылган. Ал кош бойлуу кезинде акчасын кайтарып бере албай калган. Шаардык сот оң чечим чыгарат деп ойлойбуз",- деп жазган жактоочу.

Эске салсак, 36 жаштагы Аида Исаковага "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Свердлов райондук соту 6 жылга эркинен ажыраткан. Кийин айыпталуучунун жактоочусу апелляциялык азыр менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган.

Жактоочунун айтымында, шектүү жылдык 144% менен алган карызын төлөй албаганы үчүн иш козголуп, кош бойлуу кезинде тергөө абагына киргизилген. Ал 15-февралда жабык жайда төрөгөн.

Бишкектин Свердлов райондук соту былтыр декабрда аны алты жылга эркинен ажыратуу боюнча чечим чыгарган. Жоошев бул иш учурда шаардык сотто каралып жатканын, келиндин дагы алты жашар баласы бар экенин жазган.

Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы бул маалыматты ырастап, кийинки отурум 2-мартка белгиленгенин, келин алдамчылыкка шектелгенин тастыктады.

Былтыркы расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 11 түзөтүү мекемеси, алты тергөө изолятору, бир түрмө, 13 түзөтүү абагы, 50 аймактык жаза аткаруу инспекциясы бар. 2020-жылга карата жаза мөөнөтүн 9 миңден ашуун адам өтөп жатат. Алардын 500дөн ашууну аялдар.

Кыргызстандагы жалгыз аялдар абагы Чүйдүн Степное айылында жайгашкан. Анда 350дөй аял отурса, алардын 25 пайызы "Киши өлтүрүү" беренеси менен соттолгон. Расмий маалыматта алардын жарымынан көбү күйөөсүн же зомбулук көрсөткөн башка адамды өлтүрүп алгандар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10578