Тазабек Икрамов шаардагы тыгындарга кортеждер себеп экенин айтты
RU

Тазабек Икрамов шаардагы тыгындарга кортеждер себеп экенин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Тазабек Икрамов шаардагы авто тыгындарга өкмөттүн кортежи себеп болуп жатканын айтты. Бул тууалуу ал Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Айтымында, эртең менен жана кечинде шаардын борбордук көчөлөрүнөн жүрүүгө мүмкүн болбой калды. Тыгын көпкө созулуп жатат.

"Биздеги эң негизги маселе бүгүнкү күндө жумуштан келип жана кетип жаткандагы пробка (авто тыгын). Үстүдөгү адамдарыбыз кортеж менен эл жумушка келе электе же болбосо эл жумуштан тарагандан кийин өтсө. Жолду МАИ кызматкерлери менен тоспой, ушул маселени оң жагына чечип бербейлиби? Көпчүлүк эл. Машина жылбай калып атат. Ушул кортеж маселесин жолго коюп бериңиздер",-деди ал.

Депутат бул маселени оң жагына чечүү керек деп эсептейт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10580