Россиядагы кышкы оюндарга катышкан кыргыз спортчулары 2 медаль утушту
RU

Россиядагы кышкы оюндарга катышкан кыргыз спортчулары 2 медаль утушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын тоо лыжасы боюнча курама команда 2 медаль жеңди. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.

27-28-февраль күндөрү "Азия Балдары" эл аралык кышкы оюндарынын алкагында тоо лыжасы боюнча беттештер болуп өттү. Оюндун биринчи күнү гигант-слалом, экинчи күнү слалом дициплиналарында жарыштар болуп, ага 6 өлкөдөн жалпы 73 спортчу катышты. Ал эми Кыргызстандан 8 спортчу жарышты.

Гигант-слалом дициплинасында (2-группа) Нурдөөлөт Адылбеков 2-орунду (25.22), ал эми Азимжан Рахматулаев 3-орунду (25.28) ээледи.

Белгилей кетсек, "Азия Балдары" эл аралык кышкы оюндары Россиянын Кузбасс облусунда өтүп жатат. Оюндар 5-мартта жыйынтыкталат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10594