Чүйдүн көк бөрү федерациясынын президенти кызматынан бошотулду
RU

Чүйдүн көк бөрү федерациясынын президенти кызматынан бошотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облустук көк бөрү федерациясынын президенти Бактыбек Раимкулов кызматынан бошотулду. Маалыматты Көк бөрү федерациясынан Kaktus.kg сайтына ырасташты.

Тийиштүү буйрукту Көк бөрү федерациясынын президенти Талас Бегалиев чыгарды. Ал эми Чүй облустук көк бөрү федерациясынын президентинин милдетин аткаруучу болуп Мирлан Курманалиев бекиди. Курманалиев буга чейин Чүй федерациясынын вице-президенти болуп келген. Ал Чүйдүн көк бөрү федерациясына президент шайланганга чейин бул милдетти аткарат.

Андан сырткары башкы калыс Марат Сырдыбаев өз каалоосу менен кызматынан кетти.

Буга чейин белгилүү улакчы, "Сары-Өзөн" командасынын капитаны Сейитбек Анарбек уулу башка командага өткөнүн айткан. Ал бүгүнкү күндө командасы оор шартка кептелгенин, топтогу алдыңкы балдар башка клубдарга кетип, аттары чогулбай турганын билдирген.

"Ушундан улам Чүйдүн экинчи командасы - "Ак-Шумкардын" катарына өттүм, Жогорку Лигада Чүй облусу биригип күчтөнүп чыкпасак, саны бар, сапаты жок болуп калчудай", - деген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10598