Депутаттар электрондук тамеки чеккен кыз-келиндерге кабатыр болушту
RU

Депутаттар электрондук тамеки чеккен кыз-келиндерге кабатыр болушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Шаирбек Ташиев Кыргызстанда электрондук тамекини колдонууга тыюу салууну сунуштады. Парламенттин 2-марттагы жыйынында эл өкүлү калктын саламаттыгына байланыштуу маселени көтөрдү. Тактап айтканда, депутат жаштардын, өзгөчө кыздардын жана жаш кыз-келиндердин электрондук тамеки чегип жатканына кабатыр болгонун белгиледи.

"Жаш кыздар арасында электрондук тамеки чеккендер көп. Алар Кытайдан алынып келинет, курамы кандай, ден-соолукка зыяндуулугун изилдеп, тескеген эч ким жок. Кыргызстанда ээн-эркин эле сатылып жатат. Ден-соолугу чың коом гана өнүгүп-өсө аларын эске алганда ичине белгисиз суюктук куюлган мындай зыяндуу заттарды азыртан көзөмөлдөө керек. Электрондук тамекиге көз каранды бүтүндөй бир муундун жаралышына өбөлгө түзүп, кийин өкүнүп калбайлы. Маселени мамлекеттик деңгээлде карашыбыз керек. Саламаттыкты сактоо министрлиги, ИИМ, УТРК менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек же тарбиялык роликтерди тартыш керек. Мен депутаттардан тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгууну суранат элем", – деди.

Депутатты кесиптеши Шарапаткан Мажитова кесиптешин колдоду.

"Экинчи суроо кыздар жана жаш аялдар арасында да актуалдуу. Кеп аптекадагы дарылар жөнүндө болуп жатат. Кээ бир дарылар рецептсиз эле сатылат, алар аптекаларда жеткиликтүү. Каражаттарды жыттап жатышат. Биздин жаштар аларды баңги зат катары колдонушат. Саламаттыкты сактоо министрлиги кайсы дары-дармек зарыл экенин, кайсынысына зарылчылык жок экенин карашы", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10606