Акустикалык травма деген эмне? Кулактын угуусун жоготпоо үчүн кеңеш
RU

Акустикалык травма деген эмне? Кулактын угуусун жоготпоо үчүн кеңеш

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун билдирүүсү боюнча, дүйнөдө 12 жаштан 35 жашка чейинки курактагы миллиарддан ашык адамдар угуусун жоготуп коюу коркунучунда.

Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунан адамдын угуусунун начарлашынын же жоголуусунун себептери көп экенин маалымдайт. Алардын катарына:

  • суук тийүү;
  • сасык тумоо;
  • туура эмес же аргасыз оор дарыланууларды ичүү;
  • туура эмес кам көрүү (чукуп тазалоо) жана генетикалык;
  • курактык өзгөчөлүктөр да кирет.

Бирок булардан тышкары дагы себеп - акустикалык травма дешет адистер.

Акустикалык травмага көңүл ачуучу жайлардагы көпкө созулган бийик үндөр, концерт, тойлордогу даңкылдаган музыкалар жана такай кулактан түшүрбөй угуп жүргөн кулакчындар себеп.

Кантип сактануу керек?

  • Жумуш катуу үн чыгарган өндүрүштүк машиналарына байланыштуу болсо анда угууну сактоочу атайы кулакчындарды колдонуу керек. Мындай колдонмолор ызы-чууну жактырбаган бардык адамдарга сунушталат;
  • Жабык залдагы той, концерт же музыка коштолгон ызы-чуу учурлардан кийин тынчтык сакталган жерде кулакты узак убакытка эс алдыруу;
  • Ызы-чуулуу жайларда узакка чейин отурбай, сыртка чыгып туруу же биротоло ал жерден кетүү;
  • Кулакчынды узак убакытка колдонбоо. Адатта бир аз убакыт музыка уккандан кийин угулуп жаткан үн кулакка жай угулгансып баштайт, ошол маалда андан ары жогорулатып угуу ашыкча болуп эсептелет, мындай учурларда музыка угууну токтотуу кажет;
  • Дарыгерлерге барып кулактын угуусун текшертип туруу;
  • Суук аба ырайында баш кийимсиз жүрбөө. Анткени кулакта сууктан сактоочу майлар болбойт, андыктан суук тийип, кулактын ооруларына кабылуу ыктымал;
  • Кулактын гигиенасын сактоо жана аны тазалоодо өтө этият болуу.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10612