"Красавчик!" Депутат Акбөкөн Таштанбеков президенттин өкүлү Алмасбек Абытовду мактады
RU

"Красавчик!" Депутат Акбөкөн Таштанбеков президенттин өкүлү Алмасбек Абытовду мактады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогоку Кеңештин 2-марттагы жыйынында депутат Акбөкөн Таштанбеков президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго баарына чыдап отурганы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

"Алмас мырза, сизге ыраазычылыгымды айтайын деп жатам. "Рахмат сизге! Баарыбызга чыдап, ушул жерде койкоюп отурасыз. Мен буга чейин беш-алты маселе көтөргөм, анын ичинен прокуратура үчөө боюнча иш козгоду. Демек, сиздин ишиңиз аябай жакшы. Негизинен "красавчиксиз!" - деди депутат.

Белгилей кетсек, Абытов төрт жылдан бери аткаруу бийлиги менен парламенттин ортосунда өкүл болуп иштеп келе жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10624