Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында жер титиреди
RU

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында жер титиреди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Казакстандын сейсмология институту билдирди.

Жер титирөө Бишкек убактысы боюнча саат 19:01де болгон. Анын күчү 4,7 баллга жеткен. Очогу Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында жайгашкан. Ал 15 километр тереңдикте жаткан.

Белгилей кетсек, буга чейин 27-февралда кыргыз-кытай чек арасында жер титирөө катталган.

2-марттагы бул жер титирөө тууралуу Кыргызстандын сейсмологдору азырынча билдирүү тарата элек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10627