Кыргызстандыктар коңшу өлкөнүн жашоочуларындай бактылуу эмес экен. БУУнун рейтинги
RU

Кыргызстандыктар коңшу өлкөнүн жашоочуларындай бактылуу эмес экен. БУУнун рейтинги

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

БУУ World Happiness Report даярдаган докладды жарыялады. Анда эң бактылуу өлкөлөрдүн рейтинги келтирилген. Тизмеге ылайык, Кыргызстан 67-орунда.

Быйыл дүйнө жүзү боюнча эң бактылуу өлкөлөрдүн ондугуна төмөнкү өлкөлөр киришти:

  • Финляндия;
  • Дания;
  • Швейцария;
  • Исландия;
  • Нидерланды;
  • Норвегия;
  • Люксембург;
  • Жаңы Зеландия;
  • Австрия.

Мурунку СССР өлкөлөрүнүн ичинен эң бактылуу болуп Литва (38-орун) жана Эстония (40-орун) саналат экен. Алардын катарына Өзбекстан (42) менен Казакстан (45) да кирет.

Ал эми кыргызстандыктар аларга салыштырмалуу бактысызыраак. Биздин республика 67 орунда. Бирок, мурунку жылдарга салыштырмалуу Кыргызстандын көрсөткүчтөрү көтөрүлдү. Анткени өткөн жылы 74-орунда, ал эми 2018-жылы 98-орунду алган.

Рейтинг: адамдардын жашоо деңгээли, социалдык колдоо, адамдардын укугу жана эркиндигинин сакталышы - деген көрсөткүчтөрдүн негизинде калыптанат. Изилдөө 2012-жылдан бери жүргүзүлүп келет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1063