Орозо айынын болжолдуу датасы айтылды
RU

Орозо айынын болжолдуу датасы айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

WhatsApp жана башка мессенджерлерден Орозонун башталышы тууралуу маалымат тарап жатат. Редакция Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына кайрылганда Орозонун так датасы белгилене электигин айтышты.

Ар кайсы өлкөлөрдүн дин кызматкерлери быйыл Орозо айынын биринчи күнү 23-мартка туура келерин билдиришүүдө. Бирок белгиленген датадан бир күн эрте же кеч башталышы мүмкүн.

Коңшу Казакстанда 2023-жылга карата диний майрамдардын календары түзүлдү. Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын шарият жана фатва бөлүмү да Орозо 23-мартта башталат деген пикирде.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10643