Кызыл-Кыяда бейтаптарды мөөнөтү өтүп кеткен дарылар менен дарылашкан
RU

Кызыл-Кыяда бейтаптарды мөөнөтү өтүп кеткен дарылар менен дарылашкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кызыл-Кыя шаарынын прокуратурасы ооруканалардын биринде колдонууга жараксыз дары-дармектер табылганын тастыктады. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор маалымдады.

 Кызыл-Кыя шаарындагы Жалпы дарыгерлер практика борборун текшерүүдө  "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдө жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө" жана "Дары-дармек каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" мыйзамдардын талаптарын бузуу фактыларын аныкталган.

Тактап айтканда, күнүмдүк колдонууга  берилүүчү мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармектер табылган.

"Мекеменин бөлүмүндө дары-дармек жетишсиз деген билдирүүсү дарылоонун сапатына күмөн жаратат. Мындай шартта бейтаптарды мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармектер менен дарылап келишкен деген жокко чыгарылбайт",- деп эсептешет Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен акт түзүлүп, шаардык прокуратурага жөнөтүлгөн. Прокуратура өзүнүн жооп катында тергөө иштери жүргүзүлүп, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери тарабынан аныкталган мыйзам бузуулар тастыкталганын билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10654