Жылдызкан Жолдошеванын уулун президенттик аппараттан кетиришти. Ал Жапаровду айыптады
RU

Жылдызкан Жолдошеванын уулун президенттик аппараттан кетиришти. Ал Жапаровду айыптады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Мекенчил" партиясынын мүчөсү Жылдызкан Жолдошеванын уулу президенттик аппараты иштеп жаткан. Аны жумуштан кетиришти. Бул тууралуу Жолдошева өзүнүн Facebook баракчасына жазган.

"Уулумду, Аппарат Президенттин жетекчиси С. Касмамбетов 1.5 ай мурун, чакырып кызматка алышкан. Кечээ, мен "Өлкөдөгү саясий абал" деген конференцияда Жер Үй, Камбар Ата 1 маселеси боюнча өз оюму айткан соң, бүгүн уулуму жумуштан кетиришиптир", - деп Жолдошева билдирди.

Садыр Жапаровко айтаар элем, эч кимдин баласына тийбе, мындай "пастыкка" барба деп.

Ошондой эле ал азыр айтылып жаткан чындыкты экс-президентин кейпин кийгенде түшүнөсүң. Бирок, аттиң... кеч болуп калат, - деп кошумчалаган.

"Анткени алар да, өз убагында, менин жана башка күчтүү, таза саясатчылардын чындыкты айткан сөздөрүн, душмандын сөзүндөй кабыл алышкан", - деп ал белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1065