Nestle компаниясынын өкүлүнө Кыргызстанда өндүрүш ачуу сунушталды
RU

Nestle компаниясынын өкүлүнө Кыргызстанда өндүрүш ачуу сунушталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Nestle компаниясынын улук вице-президенти Питер Свенссон менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Тышкы саясий ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушуу 3-мартта болду.

Анда министр Кыргызстандагы өнүгүп жаткан инвестициялык климат жана өлкө өкмөтүнүн чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча аракеттери тууралуу маалымат берди. Буга байланыштуу ал Nestle компаниясынын жетекчилигин Кыргызстанда долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга чакырды.

Кулубаев Кыргызстандын олуттуу суу ресурстарын, ошондой эле бөтөлкөдөгү таза жана минералдык сууга дүйнөдө суроо-талаптын өсүп жатканын эске алуу менен, бул багытта кызматташууну түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушталды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Питер Свенссон жетектеген топ экспорттук мүмкүнчүлүктөр жана өндүрүш потенциалы менен таанышуу максатында Кыргызстанга иш сапары тууралуу макулдашууга жетишилди.

Маалымат үчүн: Nestle швейцариялык корпорация. Дүйнөдөгү эң ири тамак-аш өндүрүүчүсү. Компания эритүүчү кофе, минералдык суу, шоколад, балмуздак, сүт азыктары, балдар тамак-ашы жана бакаларды өндүрөт. Негизги бренддери - KitKat, Maggi, Nescafe, Nesquik, Nestea.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10663