Өлкөнүн эмгек сиңирген энергетиги Давыдов дүйнө салды
Кыргызстандын Эмгек сиңирген энергетиги, өнөр жайга эмгек сиңирген ишмер, III даражадагы "Манас" орденинин ээси Ильяс Давыдов каза болду.
Энергетика министрлигинен маалымдашкандай, Давыдов бүгүн, 4-мартта дүйнөдөн өттү.
Коштошуу зыйнаты эртең, 5-мартта саат 10:00дө Энергетика министрлигинин имаратынын жанында өтөт.
Kaktus.kg сайты Ильяс Давыдовдун дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу үй-бүлөсүнө, жакындарына көңүл айтат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/10665