Бекешев сапатсыз салынган имарат ээлери жана компанияга кылмыш ишин козгоону сунуштады
RU

Бекешев сапатсыз салынган имарат ээлери жана компанияга кылмыш ишин козгоону сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев имараттарды жана көп кабаттуу үйлөрдү сапатсыз курган компания ээлерин 12 жылга чейин эркинен ажыратууну сунуштайт.

Мындан тышкары, депутат сейсмикалык туруктуулук нормаларын бузгандыгы үчүн айып пулду көбөйтүү керектигин белгилейт.

Парламентарийдин мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Мыйзам долбоорунун өзү эле Кылмыш-жаза кодексине жана укук бузуулар жөнүндө кодекске түзөтүүлөрдү киргизүү максатын көздөйт.

Депутаттын айтымында, курулуш тармагындагы либералдуу мыйзамдардан улам көптөгөн компаниялар курулуш материалдарынын сапатына каражат үнөмдөп, имараттарды сейсмотуруктуулукка текшербей жатат.

"Мамлекеттик органдар бизнести колдоону жана өнүктүрүүнү артыкчылыктуу милдет катары коюу менен сот органдарында өз чындыгын далилдөө кыйын болуп жаткан жарандардын укуктарын унутуп калышты. Андан тышкары, эреже катары, уруксат берүүчү документтерди берген жана курулуш долбоорлорун жактырган контролдоочу органдар курулуш нормаларын жана эрежелерин бузган учурлар табылса дагы, өз чечимдерин жокко чыгарууга кызыкдар эмес", - деп белгиледи Дастан Бекешев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10667