Түркмөнстанда айымдарга президенттин атынан 17 доллардан берилет
RU

Түркмөнстанда айымдарга президенттин атынан 17 доллардан берилет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркмөнстанда 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата президент Сердар Бердымухамедовдун атынан айымдарга акчалай белектер тапшырыла баштады. "Туркменистан. Золотой век" жазган маалыматка ылайык, бардык кыз-келиндерге 60 манат (17 доллар) берилет.

Белгилендей, президенттик белектерди биринчилерден болуп бала бакчанын тарбиялануучулары алышты.

Түркмөнстандын президентинин буйругуна ылайык, 1-марттан 6-мартка чейин менчигинин түрүнө карабастан ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштегендерге, пенсия жана жөлөк пул алгандарга, аспирантурада, докторантурада, клиникалык ординатурада окугандарга жана президентке караштуу мамлекеттик академияда 2 жылдан кем эмес мөөнөттө билим алгандарга акчалай сыйлык тапшырылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10672