ИИМ: Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы ак ниетсиз кызматкерлерден тазаланат
RU

ИИМ: Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы ак ниетсиз кызматкерлерден тазаланат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган өздүк курамдын арасында абийирсиз жана таза эмес кызматкерлер тазаланат. Анын ордуна ички иштер органдарынын башка бөлүмдөрүнүн татыктуу кызматкерлери иштешет", - деп билдирди Ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов ЖККнын одоно бузулушуна жана кызматтык тартипти сактоого жана мыйзамдуулукту камсыздоого байланышкан онлайн-кеңешмеде.

"Ишенип берилген бөлүмдөрдүн кызматтык тартибин бузгандыгы, милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы, ыкчам-кызматтык ишмердигин уюштуруудагы олуттуу кемчиликтери үчүн бир катар кызматкерлер, анын ичинде жетекчилер жазага тартылышат. ИИМдин Ички иликтөө кызматына кызматтык тартип бузууларды аныктоо жана алдын алуу, айрым ИИБ кызматкерлери тарабынан жасалган коррупциялык жана башка мүнөздөгү кылмыштарга бөгөт коюу боюнча ишти күчөтүү тапшырылды.

Жыйында кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатуу максатында конкреттүү сунуш көтөрүлдү.

Онлайн-кеңешменин жыйынтыгы боюнча ЖКККББнын бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин алдына бир катар милдеттер коюлду: ИИМ жетекчилиги тарабынан мурда белгиленген милдеттерди аткаруу боюнча иштерди күчөтүү, кемчиликтерди жоюу боюнча иштерди жүргүзүү, жолдордо коопсуз кыймылды камсыздоо, өздүк курам арасында кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту чыңдоо боюнча чараларды көрүү", - деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10674