Президент: Адилетсиз сот чечимдерине даттануулардын саны азайбай жатат
RU

Президент: Адилетсиз сот чечимдерине даттануулардын саны азайбай жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Адилетсиз сот чечимдерине даттануулардын саны азайбай жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров сот тутумунун кызматкерлеринин күнү менен куттуктап жатып билдирди.

"Сот адилеттигинин натыйжалуулугун жогорулатуу өлкөнүн өнүгүүсүнүн кардиналдуу шарттарынын бири болуп саналат. Азыркы учурда Кыргызстандын сот системасынын көз карандысыздыгын камсыз кыла турган реалдуу кадамдар жасалып жатат. Бирок, адилетсиз сот чечимдерине даттануулардын саны азайбай эле. Ошондуктан, калыс жана адилеттүүлүк адамдардын сот системасына болгон ишенимин кайтарат дер ишенем",- деди Жапаров

Мамлекет башчы сот тутумунда кадр саясаты толугу менен жакшы жолго коюла электигинида кошумчалады.

"Сот тутумундагы кызмат орундарына сабатсыз жана таза эмес адамдардын дайындалышына бөгөт коюу максатында Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш өзүнө жүктөлгөн милдеттерин так аткарып, жеке кызыкчылыктарды көздөөдөн алыс болуу менен коррупциялык көрүнүштөрдөн оолак болуусу шарт.

Эгерде андай көрүнүштөр аныкталса, сөзсүз чара көрүлөт!

Албетте, баарыӊарды жаман дегенден алысмын, силердин араңарда, катарыңарда сот деген ардактуу наамга татыктуу кызматкерлер дагы жок эмес.

Сот адилеттигин ишке ашыруудагы ачык-айкындуулукту камсыз кылуу - эң маанилүү иштердин бири. Санариптештирүү иштеринин алкагында даярдалып жаткан программалар чыныгы ачык-айкындуулукту камсыз кылып, жарандардын, ишкерлердин талаптарына жооп бергидей заманбап, ыңгайлуу шарттарды түзүп бериши зарыл."-деди президент.

Белгилей кетсек бүгүн, 5-март Сот системасынын кызматкерлеринин күнү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10675