Моңолов Дубровский ресторанындагы"политикага" нааразы
RU

Моңолов Дубровский ресторанындагы"политикага" нааразы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги Дубровский ресторанында кыргызча куттуктап, ырдаганга болбойт. Мындай билдирүүнү аталган жайдын администратору ресторанга кардар катары келген уролог Нурбек Моңоловго айткан. Бул тууралуу Моңолов өзү маалымдады.

Моңолов Kaktus.kg ге билдиргендей, ал саксофонистине куттуктоо менен кыргызча ырды аткаруусун суранган. Бирок ал кыргызча ырдап, куттуктоо айтканга болбойт деп айткан.

"Саксофонист акча алып, куттуктоону жазып алып, айтат экен. Мен жанына барып кыргызча ыр аткарып, куттуктап коюусун өтүндүм. Бирок, ал мага кыргызча куттуктаганга, ырдаганга болбой турганын айтты. Мен түшүнгөн жокмун. Анан, бир аз ызы-чуу салып ийдим. Ырчыдан сурасам "Ким билет" деген ырды аткара алат экен. Кыргызча жакшынакай репертуары бар экен. Аткарып берди",- деди Нурбек Моңолов.

Көп өтпөй, Жылдызбек деп өзүн тааныштырган ресторандын администратору "бизде ушундай политика" деп Моңоловго келген.

"Бул европалык ресторан. Кыргызча болбойт. Сизге кылып (кыргызча ыр, куттуктоого уруксат) беребиз, бирок бизде ушундай политика. Сиз Италиянын ашканасына барып, беш бармак сурасаңыз жасап бербейт да,- деген мисал менен салыштырды",- дейт ал.

Нурбек Моңолов кийин ресторандын ээси менен сүйлөшкөн.

"Ал кечирим сурап, кызматкерлери туура эмес кылган, андай "политика" жок деп айтты. Бирок кыргызча куттуктап, ырдаганга болбойт деген 3 кызматкер азыр мойнуна албай "биз антип айткан эмеспиз" деп жатышат". "Нурбек Моңолов өзү мас болчу" деп жатышат",-деди Моңолов.

Нурбек Моңолов Кыргызстандагы жайда, кыргыз балдар иштеп, бирок ошолордун "бизде ушундай политика" дегени кыжырыма тийди деп кошумчалады.

"Мен алкоголь ичпейм",-деп билдирди ал.

Моңоловдун айтымында ресторандын жетекчисинин улуту башка, бирок Кыргызстандын жараны.

Ал кызматкерине чара көрүлөрүн айткан

Ресторандын Жылдызбек аттуу администраторуна байланышканыбызда ал окуяны мындайча түшүндүрдү:

"Бизде ырчылар бардык ырларды ырдай албайт. Бирок жандуу үн болгонуна байланыштуу өзүнүн репертуары бар. Улуу муундагы контингент болгонуна байланыштуу рок, рэп сыяктуу ырларды койо албайбыз. Биз ошону түшүндүрдүк, бирок байке бул жайда кыргызча сүйлөп, ырдаганга уруксат берилбейт деп өзүнүн баракчасына чыгарды. Анын баары калп. Бизде 90 % кыргыз балдар. Кыргызча сүйлөгөнгө болбойт деген түшүнүксүз нерсе. Биз ал күнү ырдалган кыргызча ырларды санадык, 11 ыр болуптур. Азыр эми, ал баракчасына "Бул жай орустарга, кыргыздарга болбойт деп жазып койгула" деп жазып алыптыр",-деди ресторандын администратору.

Администратордун айтымында ресторандын башкаруучусунун улуту уйгур.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10681