Бишкек-Самара каттамындагы поезд кырсыкка кабылды. Жабаркагандар жок
RU

Бишкек-Самара каттамындагы поезд кырсыкка кабылды. Жабаркагандар жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек-Самара багытындагы жүргүнчү ташыган поезд Казакстанда кырсыкка кабылды. "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришкендей, кырсык бүгүн, 5-мартта катталган.

Анда Казакстан темир жолунун Бершүгүр станциясында (Батыш Казакстан облусу, Актөбө шаарына жакын) тепловоз менен поезд капталынан сүзүшкөн.

Кырсыктын кесепетинен жүргүнчү ташыган 3 вагон зыянга учураган. Жабыркаган жарандар жок.

Вагондогу жүргүнчүлөр башка вагонго отургузулуп, медициналык жардам жана ысык тамак-аш уюштурулду.

Жалпы 10 вагон, анын ичинен 8 вагондо жүргүнчүлөр, 2 вагондо жүктөр болгон. 229 жүргүнчү бар.

Рельстен чыгуунун кесепеттерин жоюу жана андан аркы каттамды улантуу үчү "Казакстан темир жолу" менен биргелешкен иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10682