Бишкекте келинди уурдоого аракет жасаган жигит кармалды
RU

Бишкекте келинди уурдоого аракет жасаган жигит кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте келинди ала качкан жигит кармалды. Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, жигитке карата "Адам уурдоо" беренеси менен иш козголду.

Белгилүү болгондой, 4-мартта А.А. аттуу жаран милицияга кайрылган. Ал ошол эле күнү саат 05:00 чамасында Калыс-Ордо жаңы конушунан белгисиз адамдар жубайы А.Н.ны эркине каршы унаага салып, белгисиз тарапка алып кеткенин айткан.

Бул факты боюнча 165-берене (адам уурдоо) менен иш козголуп, сотко чейинки тергөө башталган.

Бишкек ШИИББдин жана Биринчи Май РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан шектүү катары 2001-жылы туулган С.М. кармалды. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө уланууда дешти милициядан.

Өздүк булактар белгилегендей, кылмышка шектүү мурда сүйлөшкөн кызынын турмушка чыкканын билгенден кийин ага ачууланып ала качууну чечкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10684