Кыргызстандын хоккей боюнча курамасы үчүнчү дивизиондун ичинен дүйнө чемпиону болушту
RU

Кыргызстандын хоккей боюнча курамасы үчүнчү дивизиондун ичинен дүйнө чемпиону болушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы бардык атаандаштарын жеңип, үчүнчү дивизиондун (В тайпасы) командалары арасындагы дүйнөлүк чемпионаттын алтын медалына ээ болду.

Турнир Босния жана Герцеговинада 6 команданын катышуусунда өттү. Кыргызстандын курама командасы бардык беттештерде 76:5 эсебинде жеңишке жетишти. Алсак, хоккейчилерибиз Ирандын дарбазасына 18, Малайзиянын дарбазасына 22 жоопсуз гол киргизишти.

Эми, келерки жылы улуттук курама дагы бир жеңишти камсыздаса, Кыргызстандын командасы үчүнчү дивизиондун А тайпасында ойнойт.

Эске салсак, өткөн жылы улуттук курама хоккей боюнча дүйнө чемпионатында төртүнчү дивизиондо жеңишке жетишкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10689