Каныбек Иманалиев Билим берүү жана илим министри болуп дайындалды
RU

Каныбек Иманалиев Билим берүү жана илим министри болуп дайындалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Каныбек Иманалиев Билим берүү жана илим министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Өткөн аптада Каныбек Иманалиевдин талапкерлигин депутаттар талкуусуна коюлуп, эл өкүлдөрү макулдугун беришкен.

Уланбек Мамбетакуновдун ордуна билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп Каныбек Иманалиев 24-февралда дайындалган.

Каныбек Иманалиев 1996-1999-жылдары мурунку президент Аскар Акаевдин басма сөз кызматын жетектеген. 2000-2005-жылдары экинчи, үчүнчү, бешинчи жана алтынчы чакырылыштардын депутаты болгон. 2008-2010-жылдары - Кыргыз-Орус Славян университетинин эл аралык байланыштар боюнча проректору болуп иштеп, 2021-жылдын январында ал президенттикке талапкерлигин койгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10691