Март айындагы узак эс алуу күндөрүн эске салабыз
RU

Март айындагы узак эс алуу күндөрүн эске салабыз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинети декабрда дем алыш күндөрдүн календарын бекиткен. Ага ылайык, март айындагы эки ишемби күн иш күнү деп белгиленген.

11-март (5-январдагы дем алыш күнү) иш күнү болду;

25-март дагы (6-январь үчүн) иш күнү болот.

Ошол эле учурда 5 күндүк иш графиги менен иштеген кыргызстандыктар 18-марттан 21-мартка чейин эс алышат. Дүйшөмбү, 20-мартка туш келген иш күнү ишембиге, 29-апрелге жылдырылды.

Окуучулардын жазгы каникулу 20-мартта башталып, 27-мартка чейин созулат.

21-мартта Кыргызстандын бардык аймактарында Нооруз майрамы белгиленет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10698