Чүйдө наабайчыны карактап кеткендер колго түшүрүлдү
1993
Чүйдүн Маевка айылында наабайчыны таңга маал карактап кетишкен. Шектүүлөр колго түшүрүлгөнүн Чүй ОИИББдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, 5-мартта саат 04:20 чамасында Маевка айылындагы наабайканага эки адам кирип барышкан. Алар Ф.Э. аттуу жаранды бычак менен коркутуп, сабап, телефонун жана 10 миң сомун тартып алышкан.
Арыз 207-берене менен каттоого алынып, кылмыш иши козголгон.
slide 3 of 2
Тергөө иштери уланууда.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/10705