Акылбек Түмөнбаев Дастан Бекешевди сотко бербей турганын билдирди
RU

Акылбек Түмөнбаев Дастан Бекешевди сотко бербей турганын билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Акылбек Түмөнбаев Дастан Бекешевди "электрондук тамеки чыгарган компаниянын кызыкчылыгын жактап жатат деген дооматы үчүн" сотко бербей турганын билдирди.

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 6-марттагы жыйынында Бекешев социалдык маанидеги товарларга салыкты төмөндөтүүнү жактап, бирок кесиптештеринин электрондук тамекилерге акциздик салыкты төмөндөтүү сунушуна каршы экенин кайрадан билдирди.

"Мен дагы тамекиге жана алкоголдук ичимдиктерге акциздик салыкты төмөндөтүүгө каршымын. Мен эч кандай компанияны лоббирлөө менен алектенген эмесмин, айлык алган эмесмин, үгүт иштерине каражат да сураган эмесмин.Сиздин сөздөрүңүз үчүн сотко берсем, мен жеңем, бирок мен эркек катары сотко кайрылбайм", - деп жооп берди ага Түмөнбаев.

"Жок, тескерисинче сотко бериш керек. Мен далил келтире алам. Кагаз жүзүндө сиздин сунушуңуз бар", - деди Бекешев.

Эске салсак, буга чейин Бекешев депутаттык топтордун биринин жетекчилиги электрондук тамеки чыгарган компаниянын кызыкчылыгын коргоп жатканын билдирген. Бирок ал депутаттын атын атаган жок. Парламентте "Элдик" жана "Мекенчил" деген эки депутаттык топ бар. Алардын жетекчилери Акылбек Түмөнбаев менен Элмурза Сатыбалдиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10708