Ташиев Сох анклавы жана коридор жөнүндө айтып берди
RU

Ташиев Сох анклавы жана коридор жөнүндө айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 26-мартта, УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев Өзбекстанга болгон иш сапары боюнча пресс-конференция берип, Сох анклавына коридор болбойт, деп билдирди.

Анын айтымында, Сох анклавы боюнча келишим түзүлдү. Ага ылайык, 2021-жылдын 1-апрелинен тартып Кыргызстан тараптан "Кайтпас" көзөмөлдөөчү-өткөрүүчү пункт ачылат. Ал эми Өзбекстан тараптан "Риштан", "Отукчи" жана "Отукчи Туль" пунктары жеңил унаалар үчүн жана 20 орундукка чейинки микроавтобустарга ачылып, өтүүгө уруксат берилет.

"Коомчулукта Сох анклавына коридор ачылат деген имиштер чындыкка дал келбейт", - деп Ташиев баса белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1071