Камчыбек Ташиев: Кыргызстан менен Өзбекстан жерлери менен алмашат
RU

Камчыбек Ташиев: Кыргызстан менен Өзбекстан жерлери менен алмашат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жерлер өткөрүлүп берилбейт, болгону жер алмашуу болот. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев, чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо тууралуу Өзбекстанга болгон иш сапарынын натыйжалары боюнча басма сөз жыйыны учурунда билдирди.

Ташиевдин айтымында, кыргыз-өзбек чек арасын чечүү маселесинде утулуп калган же уткан тарап болбойт. Мындай макулдашуу Садыр Жапаровдун Ташкентке болгон иш сапарында жетишилген.

"Жер алмашууда Кыргызстан же Өзбекстан утушта болот деп айткан болбойт. Эки тараптын тең кызыкчылыгы эске алынды", - деди Ташиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1072