УКМК: Күйүүчү-майлоочу майлардын контрабандасына бөгөт коюлду
RU

УКМК: Күйүүчү-майлоочу майлардын контрабандасына бөгөт коюлду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК кызматкерлери Чүй облусунун көзөмөл-өткөрүү пункттарында жана стационардык пункттарында 2 оор жүк ташуучу унааны солярка менен кармашты. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

Чалдыбар айылындагы жеке үйлөрдүн биринде эч кандай коопсуздук нормаларын сактабастан күйүүчү-майлоочу майларды Казакстандан алып барып, андан ары сатуу үчүн түштүк аймактарга оор жүк ташуучу унаалар менен жөнөтүлүп жатканы аныкталган.

"Маалыматты каттоо журналына катталган материалдардын негизинде, 2023-жылдын 3-мартында "Сосновка" стационардык постунда 2 "DAF" автоцистернасы кармалган. Текшерүүнүн жыйынтыгында пломбалардын бүтүндүгүн бузуу, ошондой эле күйүүчү-майлоочу майларга жасалма коштоочу документтерди колдонуу фактылары аныкталган. Бул унаалар айып унаа токтотуучу жайга киргизилип, мөөр басылды",- деп айталыт маалыматта.

Учурда "Чалдовар-авто жол" көзөмөл-өткөрүү пунктунда жайгашкан көзөмөлдөө кызматтарынын (МСК жана ЧК) тиешелүү кызмат адамдарынын чөйрөсүн аныктоо жана мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10732