Бишкекте аялдардын укугун коргоо үчүн тынчтык жүрүшү өттү
RU

Бишкекте аялдардын укугун коргоо үчүн тынчтык жүрүшү өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 8-мартта Бишкекте аялдардын укугун коргоо үчүн тынчтык жүрүш өттү.

Акция Спорт Ордосунда саат 13:00дө башталды. Бул жерге катышуучулар жөө жүрүш учурунда коопсуздукту кантип камсыз кылуу керектиги боюнча инструкцияларды алуу үчүн чогулушкан.

Жүрүштүн уюштуруучулары 8-март – бардык аялдардын социалдык, экономикалык жана саясий укуктары үчүн күрөштө саясий тилектештигинин күнү экенин белгилешти.

Жөө жүрүштүн катышуучулары Тоголок Молдо көчөсү менен ылдый түшүп, андан ары Фрунзени бойлоп, Эркиндик бульварына өтүп, Пушкин көчөсүнө бурулуп, Уркуя Салиеванын эстелигине барышты. Марштын катышуучуларына коюлган талаптар стандарттуу.

Уркуя Салиеванын эстелигине бараткан жолдо жөө жүрүштүн катышуучулары "Милиция оңолсун", "Аялдардын эмгегине даңк", "Зомбулукка жол жок", "Анти-феминисттик мыйзамдарга жол жок", "Патриархат токтосун", "Эркин кыз – эркин Кыргызстан", "Аялдар жетекчи кызматтарда" жана башка лозунгдарды айтып жатышты.

Милиция колоннанын башынан аягына чейин кайтарып, аялдардын укугун коргоо жөө жүрүшкө эч ким тоскоол болбошу үчүн жолдорду тосуп жатты. Үчүнчү тараптан ар кандай провокация болбош үчүн милиция кызматкерлери жүрүштү көзөмөлдөштү.

]

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10748