Кыргызстан Берлиндеги ITB Berlin 2023 көргөзмөсүнө катышууда
RU

Кыргызстан Берлиндеги ITB Berlin 2023 көргөзмөсүнө катышууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан Германиянын Берлин шаарында өтүп жаткан ITB Berlin 2023 көргөзмөсүнө катышып жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, ITB Berlin 2023 эл аралык туристтик көргөзмөсү 7-мартта башталган. Иш-чара 10 мартка чейин уланат. Ага 60тан ашык өлкө катышып, ар бир өлкө туристтик тармактагын тааныштырууда.

Бул көргөзмөгө Кыргызстандын Туризм департаменти жана аталган тармакта эмгектенген 21 өкүл катышып жатат.

"Бул иш-чарага эл аралык өнөктөштөрдүн, "Кыргызстандагы туризмди колдоо фонду" жана Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин жардамы менен бул тармакта эмгектенген 21 өкүл катышып жатат. Анда кыргыз павильонунун ачылыш аземи салтанаттуу уюштурулуп, Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев, туризм департаментинин директору Самат Шатманов жана Кыргызстандын туристтик тармагынын өкүлдөрү катышты. Көргөзмөгө жалпы 10 миңден ашык экспонаттар коюлат жана 160 миңден ашуун адам келери күтүлүүдө", - деп билдиришти министрликтен.

Маалым болгондой, иш-чаранын алкагында анын катышуучулары туризм тармагында пикир алмашып, тажрыйбалары менен бөлүшөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10752