Жалал-Абад санаторийинде бейтаптардан акча талап кылганга шектелген кызматкер кармалды
RU

Жалал-Абад санаторийинде бейтаптардан акча талап кылганга шектелген кызматкер кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан профсоюздар федерациясынын Жалал-Абад санаторийинин директорунун орун басары кармалды. УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, кызматкер бейтаптардан системалуу түрдө акча каражатын талап кылып келген.

УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан 208-берененин 2-бөлүгүнүн 4-пункту (Опузалап пара талап кылуу) фактысынын негизинде кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө курорттун директорунун дарылоо бөлүмү боюнча орун басары А.М.С. бейтаптардан акча талап кылып алып жатканда кармалган.

Такталгандай, А.М.С. иш жүзүндө бекер бериле турган жана санаторийдин медициналык процедураларынын милдеттүү прейскурантына кошумча медициналык процедураларды санаториялык китепке киргизүү үчүн акча талап кылуу менен системалуу түрдө алектенип жүргөндүгү аныкталды. Кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10754