Кыргызстан менен Кувейттин ортосунда маалымат чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу макулдашылды
RU

Кыргызстан менен Кувейттин ортосунда маалымат чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу макулдашылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасы жана Кувейт мамлекетинин ортосунда маалымат чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу макулдашылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөр III экономикалык жана техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-кувейт өкмөттөр аралык комиссиясынын отурумунун алкагында өткөн.

Жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу министрликтер ортосунда мурда кол коюлган келишимдин негизинде эки өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттары жаатындагы ишти негизинде жигерилештирүү зарыл экендигин белгиледи.

Жолугушуу учурунда тараптар эки өлкөнүн туристтик дараметин ЖМКда чагылдыруу, кеңири жана эркин маалымат алмашуу, телерадиоберүү жана басма сөз жаатындагы адистерди алмашуу жана башка маселелерде бири-бирин колдоо боюнча мындан аркы кызматташууну талкуулашты.

Ошондой эле кыргыз-кувейт өкмөттөр аралык комиссиясынын 3-отурумунда Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Кувейт Мамлекетинин Маданият, искусство жана адабият боюнча Улуттук Кеңешинин Башкы Катчылыгынын ортосунда 2023-2024-2025-жылдарга маданият жаатындагы аткаруу программасына кол коюу аземи болуп өттү.

Программа эки тараптуу кызматташтыкты жана достук маданий байланыштарды чыңдоо максатында кол коюлду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10756