Роза Отунбаева: Аялдарга болгон кысымдын күчөшүнөн Ооганстанга жардам кыскарышы мүмкүн
RU

Роза Отунбаева: Аялдарга болгон кысымдын күчөшүнөн Ооганстанга жардам кыскарышы мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ооганстандагы долбоорлорду каржылоо өлкөдөгү аялдардын кысымынан улам кыскарышы мүмкүн. Бул тууралуу БУУнун Башкы катчысынын Ооганстан боюнча атайын өкүлү жана БУУнун Ооганстанга жардам көрсөтүү миссиясынын башчысы Роза Отунбаева Коопсуздук кеңешинин Ооганстанга арналган жыйынында айтты, деп билдирет "Новости ООН"..

Бириккен Улуттар Уюму Ооганстанга жардам көрсөтүү боюнча эн чон долбоорлорду тартып, 2023-жылы 4,6 миллиард доллар сурады, деди ал. Өлкөдө калктын үчтөн экиси - 28 миллион жакын адам ал каражатка муктаж.

"Азыр Ооганстан ондогон жылдар бою уланган согуштан кийин калыбына келүү үчүн бүт адамдык капиталга муктаж болуп турганда, болочок дарыгерлердин, илимпоздордун, журналисттердин жана саясатчылардын жарымы үйлөрүндө камалып, кыялдары талкаланып жатат. Талибандын тушундагы Ооганстан аялдардын укуктары боюнча дүйнөдөгү эң репрессивдүү мамлекет бойдон калууда", - деди Роза Отунбаева.

Ал аялдардын бейөкмөт уюмдарда иштешине тыюу салуу жардамга жана колдоого муктаж ооган калкы үчүн жана талиптер менен эл аралык коомчулуктун мамилеси үчүн өтө оор кесепеттерге алып келерин белгиледи.

"Эгерде аялдардын иштөөсүнө уруксат берилбесе, Ооганстандагы долбоорлорду каржылоо кыскарышы мүмкүн. Алар жетектеген бейөкмөт уюмдар жабылууга аргасыз болушкан. Эгерде калкка жардамдын көлөмү азайса, анда бул колдоону көрсөтүү үчүн талап кылынган акча которуулардын көлөмү да азаят", - деди БУУнун башчысынын бул Ооганстандагы атайын өкүлү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10757