Токмокто тергөөчү 50 миң сом алып жатканда кармалды
2016
УКМК менен ИИМдин Ички иликтөө кызматы 50 миң сом акча алып жаткан милиция кызматкерин кармады. Коопсуздук комитетинен кабарлашкандай, кармалган кызматкер Токмок ШИИБдин тергөө кызматынын ага тергөөчүсү, милициянын ага лейтенанты.
slide 2 of 3
Козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөөчү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жана ыкчам иш-чаралары улантылууда.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/10758