Баткенде электр зымдарын контрабандалык жол менен алып өтүүгө аракеттенген жаран кармалды
RU

Баткенде электр зымдарын контрабандалык жол менен алып өтүүгө аракеттенген жаран кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы жана УКМКнын чек ара кызматынын кызматкерлери тарабынан контрабандага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, 7-март күнү КР С.М.С. аттуу жаранынын башкаруусундагы ак түстөгү "Фольксваген Крафтер" үлгүсүндөгү унаа кармалган.

Текшерүү учурунда унаанын ичинен жалпы баасы 500 миң сомдон ашык, Тажикстандан чыгарылган электр зымдары түрүндөгү контрабандалык жүк табылган. Ал Лейлек районунан чыгып Кыргызстандын аймагына кирип келе жаткан.

"Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы менен шектүү жарандын мыйзамсыз иш-аракеттери документтештирилип, унаасы жана жүктөрү унаа токтотуучу жайга, сактоого коюлду", -деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10764