Түркия зилзала учурундагы жардамы үчүн Кыргызстанга ыраазычылык билдирди
RU

Түркия зилзала учурундагы жардамы үчүн Кыргызстанга ыраазычылык билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга жер титирөө учурунда көрсөткөн жардамы жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Руслан Казакбаев 6-февралда Түркияда болгон жер титирөөнүн кесепетинен көптөгөн курмандыктарга байланыштуу түрк элине президент Садыр Жапаровдун, КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин жана Кыргызстандын элинин атынан көңүл айтты.

Мевлүт Чавушоглу эки өлкөнүн элдерин ого бетер бириктирип, кыргыз-түрк мамилелеринин жаңы барагын ачкан түрк эли үчүн кайгылуу мезгилде жардам жана колдоо көрсөткөндүгү үчүн Кыргызстанга ыраазычылык билдирди.

Тараптар эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун кеңири спектрин, Түрк мамлекеттеринин уюмунун алкагында тараптардын өз ара аракеттенүү пландарын талкуулашты.

Дипломаттар эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, анын ичинде Кыргыз-Түрк өнүктүрүү фондун түзүү, Кыргызстанга түрк инвестицияларын тартуу жана түрк компаниялары менен кыргыз тараптын ортосундагы суроолорду чечүү маселелерин талкуулашты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10765