Эл артисти, кинорежиссёр Марат Сарулу дүйнөдөн кайтты
RU

Эл артисти, кинорежиссёр Марат Сарулу дүйнөдөн кайтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, кинорежиссёр жана сценарист Марат Сарулу дүйнө салды. Бул туурасында бүгүн, 9-мартта Маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришет.

Марат Сарулу 1957- жылы 26-сентябрда Талас облусунда туулган.

Кыргыз мамлекеттик университетинин Филология факультетин аяктаган. 1984- жылы Москвада СССРдин эл артисти, режиссёр, сценарист Фёдор Савельевич Хитруктун мектебинен билим алган.

Кыргыз Республикасынын кинематографисттер союзунун, КМШ жана Балтия кинематографисттер бирликтеринин мүчөсү болгон.

Kaktus.kg сайты Марат Сарулунун дүйнө салганына байланыштуу үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10786