Адилет Балтабайдын жакындары Жогорку Соттун алдына нааразычылык акцияга чыгышты
RU

Адилет Балтабайдын жакындары Жогорку Соттун алдына нааразычылык акцияга чыгышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

10-мартта Жогорку соттун алдында жарандык активист Адилет Балтабайдын туугандары, жакындары жана тарапташтары нааразычылык акциясына чыгышты. 

Анын катышуучулары президентке, Мининстрлер кабинетине жана Жогорку сотко кайрылып, адилет чечим чыгарып, Адилет Балтабайды эркиндикке чыгарууну өтүнүштү.

14-мартта Жогорку сотто Бишкек шаардык сотунун Адилет Балтабайды камакка алуу чечимине каршы арыз каралат. 

Адилет Балтабайдын жубайы Гүлкайыр Жапарова Адилеттин чындык үчүн күрөшкөн саясый активдүүлүгү, чиновниктерге карата айткан объективдүү сын пикирлери үчүн камалды деп эсептейт.

Жарандык активистти Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр 11-ноябрда "Массалык башаламандыкка үндөгөн" деген айып менен күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыраткан. Үч жылдык пробациялык көзөмөл чечими кабыл алынып, сот залынан бошотулган.

Кийин кайрадан митингге чыгып, пробациянын шартын бузду деген жүйө менен 5 жылга айыпталган.

Жакындары бул чечимге макул эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10795